Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XI сессиясы
2024-жылдын 17-августу №11-2
Баетов айыл аймагынын айылдык кенешинин 2023-жылдын 12-июль №2-6 токтому менен бекитилген Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин ХI -cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагындагы орто мектептерге ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде берилүүчү сый акынын Жобосунун 3-бөлүмдүн 3.2 пунктуна өзгөртүү киргизилсин жана 3.5. пункту менен толукталсын. (тиркеме тиркелет 1 баракта).
2. Жобону аткарууга алууга 200000 (эки жуз мин) сом акча каражаты каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Тѳрага: |
Ч. Азимжанов |
VII – чакырылыштагы депутаттардын
Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-август
№ 11-2 токтомуна тиркеме
Баетов айыл аймагындагы орто мектептерде окуп жаткан 11-классынын окуучуларынын Жалпы Республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган мыкты окуучуну аныктоо боюнча конкурстун тартиби.
1. МАКСАТЫ.
1.1. Айыл аймактагы мектептердеги окуучулардын билим сапатын жогорулатуу.
1.2. Билим берүү боюнча жыл жыйынтыгын жакшы денгээлде жыйынтыктоо.
1.3. Окуучуларыбыздыпатриоттулуукка үндөп,ынтымака чакыруу.
1.4. Айыл аймактагы мектептер арасында жалпы республикалык тестирлөө боюнча күчтүүмектепти аныктоо. 2.КОНКУРСТУ ӨТКӨРҮҮ ОРДУ, УБАКТЫСЫ.
2.1. Жалпы Республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган мыкты окуучуну аныктоо боюнча конкурстун (мындан ары - конкурс) жыйынтыгы жыл сайын июнь (кошумча так күнү белгиленет) айында чыгарылат.
3. КОНКУРСТУ ӨТКӨРҮҮНҮН ШАРТТАРЫ, КАТЫШУУЧУЛАР.
3.1. Аталган конкурска Баетов айыл аймагына тиешелуу орто мектептердин 11-классты бүтүп жаткан окуучулары гана катыша алышат.
3.2. Баетов айыл аймагынын Ш. Бейшеналиев, Э. Карасартов, Б. Мүсүралиева, К.Молдобасанов, М.Баетов, Т.Оторов атындагы орто мектептеринин арасынан ЖРТдөн 200 баллдан жогорку балл алган окуучуга, мектебине сыйлык ыйгарылат. Сый акынын жалпы бюджети 150000 ( жүз элүү миң) сом.
3.3. Конкурстун жүрүшүндө, эгерде окуучулардын ЖРТдагы негизги тести бирдей болгон учурда тандаган кошумча предметтик тесттеринин арасынан максималдуу балл алганы кошулуп жыйынтыгы чыгарылат.
3.4. Жогорку балл алган окуучу акыркы чейректе айыл аймактагы мектепте окушу шарт, мурдагы жылдарда бүткөн окуучулар конкурска катышууга укугу жок.
3.5. Республикалык, областык деңгээлдеги предметтик олимпиада боюнча 1-2-3 орунду ээлеген окуучулардын мектептерине сыйлык ыйгарылат. Сый акынын жалпы бюджети 50000 (элүү миң) сом.
4. КОНКУРСТУ УЮШТУРУУ ЖАНА ЖЕТЕКТӨӨ.
4.1. Конкурсту уюштуруу жана жетектөө жагы Баетов айыл аймагынын айыл өкмүтүнүн алдында түзүлгөн атайын конкурстук комиссияга милдеттендирилет.
4.2. Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча расмий маалыматты конкурстук комиссияга даярдап берүү Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнө жана Баетов айыл аймагындагы орто мектептердин жетекчилерине милдеттендирилет.
4.3. Конкурска катышкан 11-класстарынын окуучуларынын арасындагы жеңүүчүнү табуу, расмий жыйынтыгын чыгаруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн атайын комиссияга тапшырылат (комиссиянын курамы кошумча бекитилет).
5. КОНКУРСТУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛОО ЖАНА КАРЖЫЛОО.
5.1. Конкурстун жеңүүчүсүн сыйлоо Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан каржыланат.
5.2. Конкурстун жыйынтыгы менен жеңүүчү болгон мектеп 100 000 (бир жүз миң) сом менен сыйланат.