Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 16-сентябры ПЖ № 262
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 39-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) мурда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн - Комиссиянын сунушу боюнча. Мында ушул пунктчада аталган адамдар деп жогорку класстык чен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын административдик кызмат орундарын ээлеп турган убакта ыйгарылган жана азыркы убакта кандайдыр бир мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлебеген адамдар түшүнүлөт.";
- 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"42. Жогорку класстык ченден ажыратуу жөнүндө жарлыкты Кыргыз Республикасынын Президенти төмөнкү учурларда чыгарат:
- жогорку класстык ченден ажыратуу түрүндө жаза колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- жогорку класстык ченди ыйгаруу үчүн материалдарда анык эмес маалыматтар бар болсо.
Жогорку класстык ченди ыйгаруу үчүн материалдарда анык эмес маалыматтардын болушу ушул материалдарга анык эмес жана (же) жалган маалыматтар киргизилгендигине байланыштуу Комиссиянын чечими менен аныкталат.
Жогорку класстык ченден ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгарылган учурда, ага карата Жарлык чыгарылган адамга берилген жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк алып коюлууга тийиш.
Алып коюлган жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүктөр ведомстволук архивге өткөрүлүп берилет.
Укук коргоо жана бажы органдары тарабынан ага мыйзамсыз ээлик кылган адамдан алынган жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадрлар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө тапшырылат.
Соттун күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк соттун өкүмүн аткаруу тартибинде алып коюлат.
Кызматчы же ушул Тартиптин 39-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн адам жогорку класстык ченден ажыратылган реабилитациялоочу негиздер боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылган учурда, бул жөнүндө чыгарылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жокко чыгарылууга, ал эми жогорку класстык ченге укук калыбына келтирилүүгө тийиш.
Жогорку класстык ченге укуктарды калыбына келтирүү жогорку класстык ченден ажыратылган адамдын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
Жогорку класстык ченге укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгарылат, мында мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлебеген кызматчыга же адамга же анын мураскерлерине жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк кайтарылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 42-1-пункт менен толукталсын:
"42-1. Класстык ченден ажыратуу түрүндө жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси класстык ченди ыйгаруу тууралуу буйрукту жокко чыгарат.";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) мурда мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата - Комиссиянын сунушу боюнча. Мында ушул пунктчада көрсөтүлгөн адамдар деп жогорку класстык чен Кыргыз Республикасынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган убакта ыйгарылган жана азыркы убакта кандайдыр бир мамлекеттик же муниципалдык кызмат орундарын ээлебеген адамдар түшүнүлөт.";
- 26-пункттун 3-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисин, жетекчисинин орун басарын (дайындоо жана бошотуу Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылган кызмат орундары) - мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча.";
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Жогорку класстык ченден ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Жарлыкты төмөнкү учурларда чыгарат:
- жогорку класстык ченден ажыратуу түрүндө жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- жогорку класстык ченди ыйгаруу үчүн материалдарда анык эмес маалыматтар берилгенде.
Жогорку класстык ченди ыйгаруу үчүн материалдарда анык эмес маалыматтар берилгендиги ушул материалдарда анык эмес жана (же) жалган маалыматтардын камтылгандыгына байланыштуу Комиссиянын чечими менен аныкталат.
Жогорку класстык ченден ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгарылган учурда, ага карата Жарлык чыгарылган адамга тапшырылган жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк алып коюлууга тийиш.
Алып коюлган жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүктөр ведомстволук архивге өткөрүлүп берилет.
Укук коргоо жана бажы органдары тарабынан ага мыйзамсыз ээлик кылган адамдан алынган жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадрлар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө тапшырылат.
Соттун күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк соттун өкүмүн аткаруу тартибинде алып коюлат.
Ага ылайык кызматчы же ушул Тартиптин 24-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн адам жогорку класстык ченден ажыратылган реабилитациялоочу негиздер боюнча соттун өкүмү жокко чыгарылган учурда, бул жөнүндө чыгарылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жокко чыгарылууга, ал эми жогорку класстык ченге укук калыбына келтирилүүгө тийиш.
Жогорку класстык ченге укуктарды калыбына келтирүү жогорку класстык ченден ажыратылган адамдын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
Жогорку класстык ченге укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыгарылат, мында кызматчыга же ушул Тартиптин 24-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн адамга же анын мураскерлерине жогорку класстык ченди ыйгаруу жөнүндө күбөлүк кайтарылат.";
- төмөнкү мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын:
"27-1. Класстык ченден ажыратуу түрүндө жазаны колдонуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда мамлекеттик органдын жетекчиси класстык ченди ыйгаруу тууралуу буйрукту жокко чыгарат.".
2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |