Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз 2-сессиясы
2024-жылдын 10-декабрындагы №7
Чорчоев Тарыхчынын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары жөнүндө мыйзамынын 7-беренесинин жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча” туруктуу комиссиянын 2024-жылдын 10-декабрындагы №1 отурумунун протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Садыр Аке айыл аймагындагы Булан-Сөгөттү айылындагы «Ысык-Көл
Аврора» эс алуу жайынын түндүк тарабындагы аты жок бош көчөсүнө Чорчоев Тарыхчынын ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана
мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Садыр Аке айыл
өкмөтүнүн башчысы Н.А. Молдакматовго милдеттендирилсин.
1
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы “Калкты
социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамытов