Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 11-марты № 7
Долоно айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарын тартипке келтируу боюнча чаралар жөнүндө ЖОБОну бекитүү жөнүндө
Долоно айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 24-февралындагы "Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" №54 Жарлыгын ишке ашыруу ЖОБОну бекитүү жөнүндө карап, талкуулап, чыгып Долоно айыл кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Долоно айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 24-февралындагы "Кыргыз Республикасынын үй-булөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" №54 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча типтүү ЖОБО бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Касымовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдышов |
|
| Долоно айыл кеңешинин 2022-жылдын 11-мартындагы №7 токтому менен бекитилди. |
Долоно айыл аймагында үй бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөнү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунунжана күчүнө кирүүнүн тартиби
3. Үй – бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу менен ырым-жырымдарды
5. Жергиликтүү комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгына ылайык жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн эске алып иштелип чыгып, элдик жыйында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
2. Жобонун максаты айылдарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча жана аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрү күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун жана күчүнө кирүүнүн тартиби
1. Айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде айылдарда Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө Типтүү Жобону иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун курамы түзүлөт.
2. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Жобонун долбоору айылдык кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Ал долбоор талкууга коюп, айылдык кеңештин сессиясында токтом менен бекитилет.
3. Жобону бекитүү жөнүндө токтом тиешелүү сайтка жайгаштырылып, жарыяланат.
4. Жобо жана ага кызыккан жарандарга токтоосуз тааныштырылып, айыл башчылар тарабынан таратылат.
3. Үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
1. Үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө бешик той, үйлөнүү той, тушоо той балдарды сүнөткө отургузуу ж.б. ушу сыяктуу салтанаттарды өткөрүүдө ири мал союлбасын, ысырапкерсиликке жол берибесин.
2. Жободо көрсөтүлгөн талаптар менен тааныштыруу жана айыл тургундарына жеткирүү айыл башчыларга жүктөлсүн.
4. Өлгөндү эске алуу ырым – жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
1. Маркум чыккан жерде мал союлбасын.
2. Эгерде мал союлса жоопко тартылсын (штраф 50 000 сом).
3. 52 күндүк жоюлсун.
4. Куран окутууда салат жасалбасын. Жөнөкөй тасмал жазылсын.
5. Килем алынып келинбесин, жыртыш берилбесин, жуугучка кийим(түйүнчөк) берилбесин.
6. Маркумдун кара ашы берилгенде мал союлбасын. Ашта ээк бүтөмөй токтотулсун.
7. Жай казганга майып чыккан жерден акча берилбесин.
5. Жергиликтүү комиссия
1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
2. Жергиликтүү комиссияга айыл тургундары, мечиттердин имамдары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык участковый жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кирет. Жергиликтүү комиссия үй бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Айыл аймакта үй бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жободо көрсөтүлгөн талаптарды бузгандыгы үчүн айып пулга жыгылат. айып пулдун өлчөмү 50 000 сомду түзөт.
Жооптуу катчы | Э.Джускембаева |