Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-августу № 25
Жадыл уулу Алтынбекке Балык чарбасын иштетүүгө жер берүү жөнүндө
Долоно айылдык кеңеши Ак-Жар айылынын тургуну Жадыл уулу Алтынбектин балык багууга жер сурап жазган арызын карап көрүп талкуулап токтом кылат:
1. Долоно айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын №1302-контурундагы ачык дренаждан аккан кара суудан 0,30 га жер аянтын Жалыл уулу Алтынбекке балык чарбасын иштетүүгө уруксат берилсин.
2. Иш кагаздары боюнча иш алып баруу жагы Долоно айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Суюнтбековго милдеттендирилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн 0,30га жери 1 жылда ишке кирбесе токтом күчүн жоготот.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Касымовго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдышов |