Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-августу № 26
Рыскулов Эржандын наамындагы Манас көчөсү №117а кыймылсыз мүлк бирдигиндеги 0,07га участок Мечит салууга Долоно айыл өкмөтүнүн эсебине өткөзүп берүү жөнүндө
Таш-Арык айылынын тургуну Рыскулов Эржан участогун Мечит салдыруу максатта, мөөнөтсүз Долоно айыл өкмөтүнүн эсебине өткөзүп берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Долоно айыл өкмөтүндөгү Таш-Арык айылынын Манас көчөсү №117а кыймылсыз мүлк бирдигиндеги Рыскулов Эржангатаандык 700.0 кв.м жер участкасы Долоно айыл айыл өкмөтүнүн эсебине алынып, ал жерге Мечит салуу багытындагы мөөнөтсүз мамлекеттикакт жазалсын.
2. Кыймылсыз мүлк бирдигиндеги 700кв.м. жер аянтын тактап, документ топтоого Талас райондук шаар курулуш мамлекеттик каттоо филиалына кайрылуу жагы жердин ээсине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Т. Абдышов |