Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXXI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-январындагы № 31/5-2
Чолпон-Ата шаарынын аймагында мүлк салыгынын нарктык зоналардын чектери, калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 404-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, Чолпон-Ата шаарынын мэри Д.С.Сатаровдун 2025-жылдын 20-январындагы №01-7/110 иш кагазынын сунушун «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” жана “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу,ишкердикти колдоо боюнча” биргелешкен туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-январындагы отурумунун протоколун карап чыгып, маселени талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4“Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Чолпон-Ата шаарынын аймагында 2025-жылдын 1-январынан нарктык зоналардын чектери, калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициенти 1,5өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык кеңештин «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” жана “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу,ишкердикти колдоо боюнча”туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага Э.Молдобеков