Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Долоно айылдык кенешинин VII чакырылышы
2022-жылдын 22-августу № 27
Талас облусунун Талас районунун Долоно айылдык аймагынын "Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын аймагынын чек араларын бекитүү" жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 17- бөлүгүнө ылайык, берилген иш-кагаздарын карап чыгып, жергиликтүү коомдук өзалдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында айылдык Долоно кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Талас районунун айылдык аймагынын "Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы" аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (ТОС) эсептик каттоого алынсын.
2. Талас областынын Талас районунун Долоно айылдык аймагынын ТОС "Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын" аймагынын чек аралары Долоно айыл аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.
3. Долоно айыл өкмөтүнүн/айылдык кенештин ыйгарым укуктуу адиси тарабынан жүргүзүлгөн ТОС органдарын каттоо журналына киризилсин.
4. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Касымовко жана туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Сманбековго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдышов |