Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XI сессиясы
2024-жылдын 17-августу №11-4
Байгөнчөк айылында 1,50 га жер аянтына таштанды таштоочу жай уюштурууга айыл чарба багытындагы жайыт жерди өндүрүш багытына которууга макулдук берүү жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин ХI -cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Байгөнчөк айылында 1,50 га жер аянтына таштанды таштоочу жай уюштурууга айыл чарба багытындагы жайыт жердин багытын өндүрүшкө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Сабыровго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл чарба жер, транспорт курулуш архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: |
Ч. Азимжанов |