Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XI сессиясы
2024-жылдын 17-августу №11-6
Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылы менен Тоголок-Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылы менен чектешкен жерге «Баетов айыл аймагы» деп орнотууга айыл чарба багытындагы №4371, №4372-контурдагы 0,10 га жайыт жерди өндүрүш багытына которууга макулдук берүү жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин ХI -cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагына караштуу Үгүт айылы менен Тоголок-Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылы менен чектешкен жерге «Баетов айыл аймагы» деп орнотууга айыл чарба багытындагы №4371, №4372-контурдагы 0,10 га жайыт жердин багытын өзгөртүп өндүрүшкө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Сабыровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл чарба жер, транспорт курулуш архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: |
Ч. Азимжанов |