Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXXI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 28-январындагы № 31/5-8
«Тазалык-Чолпон-Ата» муниципалдык иш канасынын таштандыларды чыгарууга төлөмдөрдү теӊдөө жана көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик - аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде жана “Тазалык-Чолпон-Ата” муниципалдык менчик иш канасынын жетекчиси Э.Абыкеевдин 2025-жылдын 17-январындагы №01-5/5, 01-5/4 сунуш иш кагаздарын «Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” жана “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу,ишкердикти колдоо боюнча” биргелешкен туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 22-январындагы отурумунун протоколун карап чыгып, маселени талкуулап, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 30/21-5 жана Бостери айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 22-мартындагы №02 Токтомдору күчүн жоготуу деп таанылсын.
2. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы “Тазалык-Чолпон-Ата” муниципалдык ишканасынын таштандыларды чыгарууга төлөмдөрдүн прейскуранты №1 тиркеме ылайык бекитилсин.
3. Таштанды төгүүчү жайга кирүү аксы боюнча прейскуранты №2 тиркеме ылайык бекитилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык кеңештин «Экология, транспорт,курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” жана “Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу,ишкердикти колдоо боюнча”туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага Э.Молдобеков