Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-августу № 29
Оморов Калыгулдун өз каалоосу менен өткөрүп берген жер участогун айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө
Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын тургуну Оморов Калыгул агасы Оморов Медеркулдун участогу менин наамыма туура эмес катталып калган деп жазган арызын Долоно айыл кеңеши карап, талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Оморов Калыгул өз каалоосу менен өткозүп берем деген Ак-Жар айылындагы Ибраимов Абдыш көчөсүндөгү №207, код: 6-04-03-1002-0092 сандуу кыймылсыз мулк бирдиги жалпы аянты 2000,0 кв.м. жер участогу Долоно айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Мыйзам чегинде иш алып баруу жана токтомдо көрсөтүлгөн тапшырманы аткаруу жагы жер адис Э.Суюнтбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Касымовго жүктөлүн.
Төрага | Т. Абдышов |