КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-январы № 2749-VII
“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын
которуу маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамынын долбоорун
биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 23-январындагы чыг. № 18-645) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | Н. Тургунбек уулу |