Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 11-январы № 04-13/2
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызматтын стандартын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө Жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 304 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
- “Суу пайдалануучуларга суу берүү” 1-тиркемеге ылайык;
- “Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча милдеттүү пландагы оңдоп-калыбына келтирүү иштеринен тышкары гидротехникалык иштерди аткаруу” 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтин чечимдерин даярдоо башкармалыгы, санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмүнө:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы көчүрмөсүн кагаз жана электрондук түрдө расмий жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы:
1) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, “Эркин-Тоо” гезитине же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин расмий сайтына жарыялоону камсыздасын;
2) ушул буйруктун 1-пунктунда аталган кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштурсун;
3) жогоруда аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын андан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Аткарууну контролдоо башкармалыгынын Канцелярия жана лингвистика бөлүмү ушул буйрукту Министрликтин чечимдерин даярдоо башкармалыгы, Суу жана жер ресурстар бөлүмүнө жана Суу ресурстары кызматына жеткирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Суу ресурстары тармагын тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.
6. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.у.а, министрдин биринчи орун басары
|
Ж.К. Керималиев
|
1-тиркеме
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Суу пайдалануучуларга суу берүү (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестринин 10-главасынын 1-пункту) |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы
| Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – САЧКӨМ) атынан суу берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы (мындан ары – СРК). |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү | Суу пайдалануучулар – айыл чарба азыктарын өстүрүүчү жеке жана юридикалык жактар. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын жобосу |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Мамлекеттик гидротехникалык курулмаларды (каналдарды жана суу сактагычтарды) пайдалануу менен суу пайдалануучуларга сугат суусун берүү. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: – белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; – бардык жарандар үчүн имаратты жана санитардык-гигиеналык жайларды (дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайлуу пандустар, кармагычтар менен (имараттар, жайлар) жабдылышы зарыл; – жандуу/электрондук кезек күтүү тартибинде; – имараттар күтүү жайларына (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо - сырттагы), дааратканаларга, жылытууга, суу түтүгүнө, телефонго ээ болот; – жарандардын жеңилдиктер берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, майыптыгы барлар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Эгерде аларда көтөрүлүп чыгууга мүмкүнчүлүк болбосо, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. – кызмат көрсөтүлүүчү жерде келген адамдардын ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүсү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 20 мүнөт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 90 календарлык күн; кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт – 40 мүнөт ичинде. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Кызмат алуучуга көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: – райондук суу чарба башкармалыгы (мындан ары – РСЧБ) – ооз эки таризде (телефон аркылуу, же РСЧБ адисине жеке кайрылган учурда); – РСЧБга жеке кайрылууда. Арыз формаларын толтуруунун үлгүсүн алууга болот: РСЧБ имаратындагы маалыматтык такталардан. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты суу пайдалануучуга акысыз негизде берүү гарантияланат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Кызмат тууралуу маалымат таркатуунун жолдору (бардык мүмкүн болгон жолдорду мүнөздөө же тизмелөө)
| Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: – мурабдар; – радио, телеберүү, маалымат сайттары; – Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы; – гезиттер; – маалымат тактачалары, бьуклет, брошюлар; – оз эки таризде (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда). Дареги, телефон номерлери жана иштөө режими стандарт менен кошо РСЧБ маалымат тактачалырында жайгаштырылат. РСЧБ иштөө графиги: дүйшөмбү – жума саат 9.00 дөн 18.00 чейин; түшкү тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин. |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Керектөөчүлөр менен баарлашуу | Керектөөчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (угуу жана көрүү, жана таяныч–кыймыл тутуму боюнча майыптыгы бар адамдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүлөр төмөнкүдөй докумкенттерди берет: – кызмат алууга арыз; – жер тилкесине болгон менчик укугу жөнүндө документ (ижарачылар үчүн – жер тилкесин ижаралоо жөнүндө келишим); – болочок эгин жана себүү аянты жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалымат; – сугат сууну керектөөнүн көлөмү, берүү мөөнөтү же анын мезгилдүүлүгү жөнүндө жазуу жүзүндөгү талап (арыз); – акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ. Кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта алууда арызды электрондук түрдө толтуруу жана кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтерди берүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ишке ашырылат; – электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылган учурда, кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтер суралбайт. Зарыл болгон учурда кызмат көрсөтүүчү кызмат көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык арыз берүүчү жөнүндө башка мамлекеттик органдардан “Түндүк” ЭВӨС аркылуу маалымат алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
| Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 40-беренесине ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө”токтомунун 1-пунктуна ылайык кызмат көрсөтүүнүн акысынын өлчөмдөрү суу ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Акы өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар кызмат көрсөтүү жериндеги маалымат такталарында жана СРК расмий сайтында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты келишимде көрсөтүлгөн төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: – суунун өз убагында берилиши; – тиешелүү жеткирүүгө суунун тийешелүү көлөмү; – мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алган адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; – керектөөчүлөрдөн кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; – мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, келишим түзүүдө кызматкерлердин жардамы, зарыл документтерди толтурууда жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
| Кызмат көрсөтүү электрондук форматта кызмат көрсөтүүнү алууга табыштаманы кабыл алуу бөлүгүндө, portal.tunduk.kg.электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу көрсөтүлөт. Эскертүү: Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg. порталынан каттоодон өтүшү керек |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуунун негизи | Төмөнкү учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. – мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суусун берүүгө кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим жок болсо; – ушул стандарттын 3-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келбесе; – ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер арыз ээси тарабынан берилбеген учурда; – берилген документтерде чындыкка ылайык келбеген маалыматтар болсо. |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү кызмат көрсөткөн РСЧБнын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
2-тиркеме
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча милдеттүү пландагы оңдоп-калыбына келтирүү иштеринен тышкары гидротехникалык иштерди аткаруу (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестринин 10-главанын 2-пункту) |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы
| Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – САЧКӨМ) атынан суу берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы (мындан ары – СРК). |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү | Айыл чарба өндүрүшү жана өсүмдүктөрдөн алынуучу азыктарды жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле дыйкан, фермердик чарбалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жана физикалык жактары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын жобосу |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүунун акыркы жыйынтыг болуп, төмөнкүдөй гидротехникалык иштерди аткаруу саналат: – гидропостторду, ачык жана жабык коллектордук-дренаждык тармактарды, сел өткөрүүчү курулмаларды жана башка суу чарба жана гидротехникалык курулмаларды куруу жана оңдоо; – суу чарба жана гидротехникалык курулмаларды, коллектордук-дренаждык тутумдарды, суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин, суу объекттерин, анын ичинде жасалма суу объекттерин механизациялаштырган тазалоо; –жабык дренажды жана канализацияларды жуу; – скважиналарды бургулоо, терең насосторду орнотуу жана демонтаждоо; – каналдарды, дрендердин жана коллекторлорду камыштан тазалоо; – инерттүү материалдарды ташуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: – белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; – бардык жарандар үчүн имаратты жана санитардык-гигиеналык жайларды (дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайлуу пандустар, кармагычтар менен (имараттар, жайлар) жабдылышы зарыл; – жандуу/электрондук кезек күтүү тартибинде; – имараттар күтүү жайларына (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо - сырттагы), дааратканаларга, жылытууга, суу түтүгүнө, телефонго ээ болот; – жарандардын жеңилдиктер берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, майыптыгы барлар, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет. Эгерде аларда көтөрүлүп чыгууга мүмкүнчүлүк болбосо, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. – кызмат көрсөтүлүүчү жерде келген адамдардын ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүсү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | документтерди кабыл алууга чектелген убакыт – 20 мүнөт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 7 жумуш күн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Кызмат алуучуга көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: – райондук суу чарба башкармалыгы (мындан ары – РСЧБ) – ооз эки таризде (телефон аркылуу, же РСЧБ адисине жеке кайрылган учурда); – РСЧБга жеке кайрылууда. Арыз формаларын толтуруунун үлгүсүн алууга болот: РСЧБ имаратындагы маалыматтык такталардан. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты суу пайдалануучуга акысыз негизде берүү гарантияланат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Кызмат тууралуу маалымат таркатуунун жолдору (бардык мүмкүн болгон жолдорду мүнөздөө же тизмелөө)
| Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: – мурабдар; – радио, телеберүү, маалымат сайттары; – Электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы; – гезиттер; – маалымат тактачалары, бьуклет, брошюлар; – оз эки таризде (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда). Дареги, телефон номерлери жана иштөө режими стандарт менен кошо РСЧБ маалымат тактачалырында жайгаштырылат. РСЧБ иштөө графиги: дүйшөмбү – жума саат 9.00 дөн 18.00 чейин; түшкү тыныгуу саат 12.30дан 13.30га чейин. |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Керектөөчүлөр менен баарлашуу
| Керектөөчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (угуу жана көрүү, жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча майыптыгы бар адамдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүлөр төмөнкүдөй докумкенттерди берет: – кызмат алууга арыз; – өздүгүн тастыктоочу документ (ID-карта); юридикалык жактар үчүн – юридкикалык жактын каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү; – акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документ. Кызмат көрсөтүүнү электрондук форматта алууда арызды электрондук түрдө толтуруу жана кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтерди берүү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу ишке ашырылат. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылган учурда, кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтер суралбайт. Зарыл болгон учурда кызмат көрсөтүүчү кызмат көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык арыз берүүчү жөнүндө башка мамлекеттик органдардан “Түндүк” ЭВӨС аркылуу маалымат алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Акы өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар кызмат көрсөтүү жериндеги маалымат такталарында жана СРК расмий сайтында жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылат. Баалардын прейскуранттары монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу аркылуу САЧКӨМ жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты келишимде көрсөтүлгөн төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: – мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алган адамдарга карата жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; – керектөөчүлөрдөн кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; – мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, келишим түзүүдө кызматкерлердин жардамы, зарыл документтерди толтурууда жана кызмат көрсөтүүнүн бардык жол-жоболорунун жүрүшүндө консультация берүү; – кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болушу. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
| Кызмат көрсөтүү электрондук форматта кызмат көрсөтүүнү алууга табыштаманы кабыл алуу бөлүгүндө, portal.tunduk.kg.электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу көрсөтүлөт. Эскертүү: Кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси portal.tunduk.kg. порталынан каттоодон өтүшү керек |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуунун негизи
| Төмөнкү учурларда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. – керектөөчүнүн сунуштары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга каршы келсе; – ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер арыз ээси тарабынан берилбеген учурда; – келишимдик милдеттер аткарылбаганда; – берилген документтерде чындыкка ылайык келбеген маалыматтар болсо. |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү кызмат көрсөткөн РСЧБнын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |