Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-октябры № 37
Ак-Жар айылынын тургуну М.Дуйшекеевдин кайрылуусу боюнча
Долоно айылдык аймагынын Ак-Жар айылынын тургуну М.Дуйшекеевдин арызы боюнча карап, талкуулап чыгып Долоно айыл кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Жар айылынын тургуну М.Дуйшекеевдин кайрылуусунда көрсөтүлгөн №1302 чөйрө сызыгындагы 0,30 га жерге багбанчылык кылууга макулдук берилсин.
2. 0,15 га жерге айыл өкмөтү менен келишим 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлсүн.
3. Жерди аныктап, тиешелүү иш кагаздарды бүтүрүүгө жардам берүү жагы жер, турак-жай жана коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси Э.Суюнтбековго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Касымовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдышов |