Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-октябры № 38
Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Мал чарбасын өнүктүрүү максатында кашар жана чабан үй курууга Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу жобону карап көрүп, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-береенесине ылайык , Долоно айыл кеңеши токтом кылат:
1. Долоно айыл аймагынын административдик чегиндеги “Бапандын алды” участогунун №823 чөйрө сызыгындагы 0.10 га жер участогуна мал чарбасын өнүктүүрү максатында кашар жана чабан үй куруу үчүн “запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнө “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерге которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Жерлерди бир категориядан башкасына же чарба жеринин башка түрүнө которуу (трансформациялоо) жөнүндөө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо жогорууда аталган мыйзамдарга ылайык жүргүзүлсүн.
3. Жерлерди бир категорияда башкасына которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү кортундуларды алуу, тиешелүү иш кагаздарды бүтүрүү жагы Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Касымовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдышов |