Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-октябры № 39
«Каныкей Апа» бала бакчасынын тамак ашына акча каражатын караштыруу боюнча
Долоно айыл аймагынын Таш-Арык айылындагы «Каныкей Апа» бала бакчасынын тамак ашына жергиликтүү бюджеттин эсебинен которулган акча каражаты түгөнүп калгандыгына байланыштуу, “Каныкей Апа” бала бакчасынын атайын эсебинен акча каражатын бөлүштүрүү боюнча карап, талкуулап чыгып Долоно айыл кеңеши токтом кылат:
1. Долоно айыл аймагынын Таш-Арык айылындагы “Каныкей –Апа” бала бакчасынын тамак ашына жергиликтүү бюджетине эсебинен которулган акча каражаты түгөнүп калгандыгына байланыштуу, ”Каныкей Апа” бала бакчасынын атайын эсебинен 433 704 (төрт жүз отуз үч миң жети жүз төрт) сом акча каражаты 2022-жылдын 15-ноябрынан баштап бөлүштүрүлсүн.
2. Тиешелүү иш аракеттерди аткаруу жагы Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Касымовко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Т. Абдышов |