Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 18-октябры № 40
Айыл аймактагы таштандыларды (мусор) чыгаруу боюнча
Долоно айыл аймагынын айыл ичиндеги таштандылардын көбөйүшүн жана токой жээктериндеги таштандылардын белгисиз жарандар тарабынан ыргытылышын алдын алуу, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана айыл ичин ирээтке келтирип таза кармоо максатында Долоно айыл кеңеши токтом кылат:
1. Долоно айыл аймагынын административдик чегиндеги таштандылардын көбөйүшүн жана токой жээктериндеги таштандылардын белгисиз жарандар тарабынан ыргытылышын алдын алуу, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана айыл ичин ирээтке келтирип таза кармоо максатында ай сайын айыл өкмөтүнүн камазы менен таштанды чыгарылсын.
2. Чыгарылган таштандыга Долоно айыл аймагынын чегинде жайгашкан ар бир түтүндөн 1(бир) жылга 1000 (миң) сомдон чогултулсун.
3. Тиешелүү иш аракеттерди аткаруу жагы Долоно айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Касымовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдышов |