Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 5-декабры № 51
Ак-Жар айылындагы А.Султанбеков атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн түрткү берүүчү грантка өткөрүү жөнүндө
Ак-Жар айылындагы А.Султанбеков атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн түрткү берүүчү грантка өткөрүү боюнча карап, талкуулап чыгып токтом кылам:
1. Долоно айылдык аймагынын инфракструктурасын өнүктүрүү максатында Ак-Жар айылындагы А.Султанбеков атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүүгө түрткү берүүчү грантты алуу үчүн, айыл аймактын 2022-жылдагы үнөмдөлгөн акча каражатынан (жергиликтүү бюджеттен) 541 725 ( беш жүз кырк бир миң жети жүз жыйырма беш) сом өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Долоно айыл аймагынын бюжетинин киреше булагына түшкөн кошумча акча каражатын Ак-Жар айылындагы А.Султанбеков атындагы орто мектебин капиталдык ремонту үчүн жумшоого макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Долоно айылдык аймагынын башчысы Н. Касымовго милдеттендирилсин .
Төрага | Т. Абдышов |