Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-январы № 1/1
Жер тилкесинин категориясын которуу жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу №18, №20 контурунда жайгашкан, К.Ж.Мамбеткуловдун жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-11-0021-0163, аянты 0,8га жер тилкенин өндүруштүк цехин куруу үчүн «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө М.К. Калыгуловдун арызын карап чыгып, 2024-жылдын 24 -декабрындагы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жер тилкелеринин багытын которуу боюнча райондук комиссиясынын корутундусунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу №18, №20 контурунда жайгашкан, К.Ж.Мамбеткуловдун жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-11-0021-0163, аянты 0,8га жер тилкенин өндүруштүк цехин куруу үчүн «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |