Редакцияот 13.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 1-отурумунун

 

 

2025-жылдын 13-январы № 1/2

 

Жер тилкесинин категориясын которуу жөнүндө

 

Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу №46, №47, №62 контурунда жайгашкан, А.М. Абакаевдин жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-0020-0409, аянты 3,7га жер тилкенин логистикалык борборун куруу үчүн «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө А.М. Абакаевдин арызын карап чыгып, 2024-жылдын 24 -декабрындагы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жер тилкелеринин багытын которуу боюнча райондук комиссиясынын корутундусунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу №46, №47, №62 контурунда жайгашкан, А.М. Абакаевдин жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-0020-0409, аянты 3,7га жер тилкенин логистикалык борборун куруу үчүн «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;

3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

   Айылдык кеңештин төрагасы

Ж.Ж. Султанбеков