Редакцияот 17.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XI сессиясы

 

2024-жылдын 17-августу №11-13

 

Баетов айыл аймагынын айылдык кенеши кабыл алган  28-декабрь, 2023-жылдагы   №7-12 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин                   ХI -cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Баетов айыл аймагынын айылдык кенеши кабыл алган  28-декабрь, 2023-жылдагы   №7-12 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2.2025-жылдан баштап Баетов айыл аймагындагы жашоочулардан калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйымдын ставкасы 0 болуп жыйымдын чогултулушу токтотулсун.

3.Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Сабыровго милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл чарба жер, транспорт курулуш архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Тѳрага:

 

Ч. Азимжанов