Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-январы № 1/3
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Маловодное айылынын Ленина №1 көчөсүндө жайгашкан, В.А. Асанованын жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-1003-0798, аянты 5330,0кв.м. жер тилкесинин конфигурациясын жана максаттык багытын “Гараж имаратынын алдындагы жер тилкесинен” – “Дан сактоочу жай алдындагы жер тилкесине” өзгөртүп берүү жөнүндө В.А. Асанованын арызын карап чыгып, 2024-жылдын 24-декабрындагы Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын шаар куруу корутундусунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Маловодное айылынын Ленина №1 көчөсүндө жайгашкан, В.А. Асанованын жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-1003-0798, аянты 5330,0кв.м. жер тилкесинин конфигурациясын жана максаттык багытын “Гараж имаратынын алдындагы жер тилкесинен” – “Дан сактоочу жай алдындагы жер тилкесине” өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |