Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XI сессиясы
2024-жылдын 17-августу №11-14
Баетов айылдык кенешинин 2023-жылдын 9-октябрында кабыл алынган №5-15 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин ХI -cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылдык кенешинин 2023-жылдын 9-октябрында кабыл алынган №5-15 токтому өзгөртүү киргизилсин.
2. Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторуна жана калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык коэффициенти Кз 2% (эки процент) болуп бекитилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Сабыровго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага: |
Ч. Азимжанов |