Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-январы № 1/4
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Маловодное айылынын С. Бейшенович №47 көчөсүндө жайгашкан, А. Темированын жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-1003-0406, аянты 1000,0кв.м. жер тилкесинин максаттык багытын “Короо жай алдындагы жерден” – “Ателье алдындагы жер тилкесине” өзгөртүп берүү жөнүндө А. Темированын арызын карап чыгып, 2025-жылдын 8-январындагы Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын шаар куруу корутундусунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Маловодное айылынын С. Бейшенович №47 көчөсүндө жайгашкан, А. Темированын жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-1003-0406, аянты 1000,0кв.м. жер тилкесинин максаттык багытын “Короо жай алдындагы жерден” – “Ателье алдындагы жер тилкесине” өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |