Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-январы № 1/5
“2 тайпалык 3 сааттык бала бакчанын ачылышы жөнүндө”
Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы Б. Джамгырчинов атындагы мектебинин эски имаратында 50 орундуу 2 тайпалык 3 сааттык бала бакча ачуу зарылчылыгы тууралуу Б. Джамгырчинов атындагы орто мектебинин мүдүрү А.К. Курманалиевтин кайрылуусун карап, талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Күнтуу айылындагы Б. Джамгырчинов атындагы мектебинин эски имаратында 50 орундуу 2 тайпалык 3 сааттык бала бакча ачууга макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Б. Джамгырчинов атындагы орто мектебинин мүдүрү А.К. Курманалиевге жүктөлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |