Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XI сессиясы
2024-жылдын 17-августу №11-15
Баетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга жергиликтүү бюджетнин киреше бѳлүгүнүн күтүлүүчү суммасы жана 2025 -2026-2027-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша долбоорун бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик жана жергиликтү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык жана Баетов айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы С.Сакыбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин ХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылга Баетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бѳлүгүнүн күтүлүүчү суммасы жана 2025-2026-2027-жылдарга карата киреше жана чыгаша бѳлүгүнүн болжолдуу долбоорун бекитүү боюнча Баетов айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы С.Сакыбаеванын билдирүүсү канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Баетов айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга киреше жана чыгаша бѳлүгүнүн күтүлүүчү суммасы, 2025-2026-2027-жылдарга карата киреше бѳлүгүнүн болжолдуу аткарылышы тѳмѳндѳгүдѳй суммада бекитилсин:
Киреше түрүнүн аталышы | 2024-жылга күтүлүүчү суммасы | 2025-жылга долбоор | 2026-жылга долбоор | 2027-жылга долбоор |
1.Киреше салыгы | 34094,4 | 30684,9 | 30700,0 | 30900,0 |
2.Бирдиктүү декларациядан киреше салыгы | 60,9 | 61,0 | 62,0 | 63,0 |
2.Патент | 400,0 | 405,0 | 410,0 | 410,0 |
3.Кыймылсыз мүлк салыгы | 65,5 | 70,0 | 72,0 | 72,0 |
4.Ишкердик үчүн пайдалаланылган мүлккѳ салык | 136,0 | 136,0 | 136,0 | 137,0 |
5.Транспорт салыгы | 1213,0 | 1217,4 | 1217,4 | 1222,4 |
6.Огород салыгы | 481,1 | 480,0 | 480,0 | 480,0 |
7.Жер салыгы | 0,0 | 632,1 | 632,1 | 632,1 |
8.АЧБ эмес жерге салык | 894,0 | 573,0 | 573,0 | 573,0 |
9.Калктуу конуштагы аренда акы | 36,0 | 36,0 | 36,0 | 36,0 |
10.Жер казынасына лицензиялар | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
11.Жайыт арендасы | 1765,8 | 1768,0 | 1770,0 | 1772,0 |
12.КБФ нун арендасы | 550,0 | 620,0 | 680,0 | 750,0 |
13.Алыскы жайыт аренда акысы | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
14.Таштанды чыгаруу салыгы | 144,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
15.Атайын каражаттар | 4900,0 | 4905,0 | 4910,0 | 4920,0 |
16.Башка кызмат кѳрсѳтүүлѳр үчүн | 563,2 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
Баардык жергиликтүү киреше: | 45303,9 | 41588,4 | 41678,5 | 41967,5 |
Теңдештирүүчү грант | 12047,7 | 24650,0 | 26000,0 | 28000,0 |
Жалпы киреше | 57351,3 | 66238,4 | 67678,5 | 69967,5 |
2024-жылга киреше бѳлүгүнүн жергиликтүү салыктар жана тѳлѳмдѳрдѳн күтүлүүчү суммасы болжол менен 45303,9 (кырк беш миллион үч жүз үч миң тогуз жүз)сом; 2025-жылга 41588,4 (кырк бир миллион беш жүз сексен сегиз миң тѳрт жүз)сом; 2026-жылга 41678,5 (кырк бир миллион алты жүз жетимиш сегиз миң беш жүз) сом жана 2027-жылга 41967,5 ( кырк бир миллион тогуз жүз алтымыш жети миң беш жүз ) сом болуп бекитилсин.
3. 2024-жылдын чыгаша бѳлүгүндѳгү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жетпеген каражат 12047,5 млн сомду грант менен толуктап берүү жагы Ак-Талаа райондук финансы башкармалыгына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Т.С.Сабыровго милдеттендирилсин.
Тѳрага: |
Ч. Азимжанов |