Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-январы № 1/6
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына байланыштуу, Кызыл-Туу айылдык кенешинин 2022-жылдын 25 -апрелиндеги №29 токтому, Кунтуу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 1-апрелиндеги №2/9 токтомун эске алып, Күнтуу айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагы боюнча үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп адаттары боюнча бардык айылдарда ашыкча чыгып кылып өткөзүлбөсүн;
2. Аза күткөн маркумдун үйүндө мал союлбасын;
3. “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду коюу каадасы өткөрүү жөнүндө” жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |
|
| Тиркеме №1 Бекитилди Күнтуу айылдык кеңешинин № 1/6 Токтому менен 13 январь 2025ж. |
Жобо
Күнтуу айыл аймагындагы үйлөнүү, үй-бүлөлүк юбилей майрамдардын,
үй-бүлөлүк эскерүү каада салттарды жана өлгөндөрдү эскерүүгө
арналган иш-чаралар жөнүндө
1.Жалпы жобо
1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарды иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралында ПЖ №54-Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыкты.
2. Каада-салттарды ,салтанаттарды жана ырым–жырымдарды иретке келтирүү боюнча иш-чаралар бул руханий –адеп-ахлактык негиздерин турукташтыруу үчүн көрүлүүчү чаралардын тизмеси, социалдык адилеттикти камсыз кылуу, калк арасында айрыкча сарамжалдуу жаштардын калыптанышы салтанаттарды жана ырым-жырымдарды өткөрүүдө ысырапкорчулук маселелерине карата мамилелер.
3. Каада –салттарды,салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар ашыкча чыгымдарды жана ысырапкорчулукту жою зарылдыгы салтанаттарды жана ырым –жырымдарды өткөрүүгө жол бербөө улуттук каада салттарга, адеп-ахлак нормаларына карама каршы келген улуттук маданияттын баалу улуктарын коргоо максатында жана элдик каада-салттарды урматтоону калыптандыруу, ден соолукту коргоону камсыз кылуу жана калктын адеп-ахлагы.
4. Каада –салттарды, салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн ошондой эле, сунуштарды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашырууну кабыл алынган Жоболорду көзөмөлгө алуу үчүн, Күнтуу айыл өкмөтүндө комиссия курамы бекитилсин.
5. Үй-бүлөлүк майрамдарды өткөрүүнүн тартиби, үйлөнүү тойлор ,юбилейлер жана башка тойлор төмөнкү жобонун негизинде ишке ашырылсын:
6. Салтанаттуу майрамдарды өткөрүүдө негизсиз чыгымдарды азайтуу максатында ар кандай социалдык статусу бар жарандардын жашоо шартын эске алып, кайдыгерлик кылбай,курулай убаракерчиликке тыюу салынсын;
7. Үй-бүлөлүк эскерүү ырым–жырымдарды жана маркумдарды эскерүүгө арналган иш-чараларга бодо мал союлбасын;
8. Каза болгон жарандын үй бүлөсүнө мал жандыгы союлбасын;
9. Күнтуу айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын курамы жобо боюнча тыкыр иш алып барсын, элдер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
10. Бул жобонун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.