Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 13-январы № 1/8
Автосалон иштетүү үчүн жер тилкени ижарага берүү жөнүндө
Күнтуу айыл аймагына караштуу Кара-Сакал -Кызыл-Туу жолунун жээгинде, эски автодрондун жанында жайгашкан бош жер тилкени автосалон иштетүү максатында 50 соток жер тилкени ижарага берүү боюнча Кызыл-Туу айылынын тургуну Ю. Жумабековдун арызын карап чыгып, талкуулап, Күнтуу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагына караштуу Кара-Сакал - Кызыл-Туу жолунун жээгинде, эски автодрондун жанында, жайгашкан бош жер тилкени автосалон иштетүү үчүн 50 соток жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берилсин;
2. Автосалон иштетүү үчүн жер тилкени ижарага берүү маселеси мыйзам чегинде кароого айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |