КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-январы № 2760-VII
“2024-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол
коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
менен Черногориянын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык
жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан
бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген (2025-жылдын 14-январындагы чыг. № 15-275) “2024-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Черногориянын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Н.А. Азыгалиев |