КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-январы № 2767-VII
“2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд
Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана
кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим
жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген (2025-жылдын 14-январындагы чыг. № 15-276) “2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Таиланд Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Н.А. Азыгалиев |