КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-январы № 2765-VII
«2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визаларды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген (2025-жылдын 14-январындагы чыг. № 15-277) «2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визаларды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |