Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-февралы № 61
Электр энергиясынын дүң рыногундагы эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын энергетика секторун реструктуризациялоого байланыштуу электр энергиясынын дүң рыногундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуу, энергетикалык коопсуздукту жана энергия системасынын туруктуу иштешин, республиканын экономикасынын жана калктын энергия менен камсыздоого үзгүлтүксүз жетүүсүн камсыз кылуу максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Дүң рыноктун катышуучулары тарабынан электр энергиясы үчүн эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Электр энергиясын ички керектөөчүлөрдөн ыйгарым укуктуу банкка келип түшүүчү акча каражаттарын эсептөөнүн жана электр энергиясын өндүрүүнү, берүүнү жана бөлүштүрүүнү жүзөгө ашыруучу компаниялардын ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. "Элдик Банк" ачык акционердик коому электр энергиясынын дүң рыногунун катышуучулары менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу банк болуп аныкталсын.
3. "Элдик Банк" ачык акционердик коомуна электр энергиясын өндүрүүчүлөр, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялар менен андан ары эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн электр энергиясын керектөөчүлөрдөн алынган каражаттарды (төлөмдү) топтоо максатында белгиленген тартипте транзиттик эсеп ачуу сунушталсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы № 335 "Электр энергияларынын дүң рыногундагы эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 54 "Электр жана жылуулук энергиясын дүң рынокто эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-майындагы № 335 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А. А.Касымалиев |