Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 2-февралы № 92
Сүлүктү шаардык кенешинин 2022 жылдын 21-ноябрындагы №73 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Сүлүктү шаарынын прокурорунун 26.01.2023ж. №11-7-43-23 Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы №73 сандуу токтомуна каршылык билдирүүсүнүн жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 беренесинин, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары” жөнүндө Мыйзамынын 10 беренесинин жана Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентинин 2-главасынын 2.1. пунктунун 10 – бөлүгүнүн негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы №73 сандуу “Сүлүктү шаарынын аймагында суу эсептегичи жок абоненттер үчүн таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын;
2. Суу эсептегичи жок абоненттерге таза суунун тарифтик баасы Сүлүктү шаардык кеңешинин XVIII –сессиясынын №63 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Баткен облустук бөлүмү тарабынан макулдашылган прейскуранттык наркы менен эсептөөгө алынсын.
3. Токтомдун көчүрмөсүн шаардык прокуратурага жиберүү жагы шаардык кеӊештин аппаратына жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жана Сүлүктү шаарынын мэринин 1- орун басары И. Д. Бабаевге жүктөлсүн.
Төрага: | Р.М. Жайнаков |