СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XXII сессиясы
2023-жылдын 2-февралы № 93
Сүлүктү шаарынын 2023-жылга карата үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган Сүлүктү шаарындагы Кош – Булак поселкасындагы Дзержинский көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 2023 – жылга карата үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 – жылдын 21 – апрелиндеги №230 токтомунун негизинде шаардык кеңештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын 2023-жылга карата үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган Кош – Булак поселкасындагы Дзержинский көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун өздүк салым 111 471 (жүз он бир миң төрт жүз жетимиш бир) сом акча каражаты Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылоо үчүн 2023-жылдын бюджетине киргизилсин;
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.М. Жайнаков |