КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз II сессиясынын
2024-жылынын 26-декабры №01-5/07
«Кᴣ зоналдык коэффициенттин бекитүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги II сессиясы, шаардык мэриянын шаар аймагындагы үй жанындагы короо жай жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдаландыгы үчүн, жер салыгынын Кᴣ зоналдык коэфициенттин бекитип берүүгө жазган кайрылуу катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Шаардык мэриянын, шаар аймагындагы үй жанындагы короо жайларды жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдаландыгы үчүн жер салыгынын коэффициенттин бекитип берүүгө жазган кайрылуу каты эске алынсын.
- Кочкор-Ата шаарынын аймагында үй жанындагы, короо жайды, багбанчылык-чарбак жер участокторун жана айыл чарба багындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын Кᴣ зоналдык коэффициенти 1,5 өлчөмүндө белгиленип бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэрине жана мэриянын салык бөлүмүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, экономика, каржы, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.