ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2023-жылдын 30-майы № 16
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин малдарга болгон баа тарифин бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагында жайыт пайдалангандыгы үчүн жайыт акы төлөө жөнүндө жайыт комитетинин башчысы Т. Назаровдун билдирүүсүн угуп, депутаттар арасында кеңири талкуулап Төрт-Гүл айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин жайытка чыккан ийри мүйүздүү жана бодо малдар башына алынуучу жайыт акысы төмөнкүчө болуп бекитилсин.
1. Ийри мүйүздүү малдар 150 сом
2. Бир жылкыга 250 сом
3. Бир кой-эчкиге 45 сом
4. Курук отун пайдалангандыгы үчүн 1000 сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы: | Н.Артыков |