БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XI сессиясы
2024-жылдын 17-августу №11-19
Баетов айыл аймагындагы Кайынды-Булак айылында жайгашкан автобазанын 23092м2 жер аянтын Баетов айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин ХI -cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагындагы Кайынды-Булак айылында жайгашкан автобазанын 23092м2 жер аянты Баетов айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
2. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Сабыровго милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл чарба жер, транспорт курулуш архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Тѳрага: |
Ч. Азимжанов |