Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XI сессиясы
2024-жылдын 17-августу №11-21
Муниципалдык менчикти бизнес өнөктөштөргө ижарага
берүү жѳнүндѳ
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, айылдык кеңештин ______ № ______ токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобонун 8-главасына ылайык, Баетов айылдык кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Сабыров Турат Сабырович ушул токтомдун тиркемесине ылайык, муниципалдык мүлктү Бизнес-өнөктөшкө экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берүүнү жүргүзсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Сабыров Турат Сабырович белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө Келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берүүнү уюштурсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: |
Ч. Азимжанов |
VII – чакырылыштагы депутаттардын
Баетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-август
№ 11-21 токтомуна тиркеме
№ | Айылдын аталышы | Бизнес өнөктөш | Ижара бериле турган жабдуулар, айыл чарба шаймандары |
1 |
Терек |
Матмусаев Мурат | Сеялка трехбочковая, зерно травяная
|
Пресс подборщик
| |||
Расбрасыватель минеральных удобрений |