Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XI сессиясы
2024-жылдын 17-августу №11-22
«Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобонун 8-главасына толуктоо киргизүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» жобонун 8-главасына төмөндөгүдөй толуктоо киргизүү боюнча Баетов айылдык кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1.Муниципалдык менчик Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун ортосундагы “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ири долбоорду ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) жана Баетов айыл аймагынын 2024-жылдагы макулдашуусунун алкагында белгиленген тартипте тандалган Бизнес-өнөктөшкө берилет.
2. 73-пункттун 4-пунктунда көрсөтүлгөн ижарачыларга түз сүйлөшүүлөр аркылуу муниципалдык мүлктү ижарага берүү учурунда бир календардык жыл үчүн ижарага алынган мүлк үчүн төлөмдүн өлчөмү ижарага берүүчү тарабынан төмөндөгү жолдордун бири менен аныкталат.
- төмөнкү формула боюнча эсептөө боюнча: ири долбоордун өзүн актоо мөонөтү/100* мүлктүн наркы/өзүн актоо мөөнөтү (ай менен);
- ири долбоордун өзүн актоо мөөнөтүнүн ичинде 1 эсептөө көрсөткүчү менен төлөнөт, анда ижара акысынын суммасы төмөнкү формула менен эсептелип төлөнөт: өзүн актоо мөөнөтү/мүлктүн наркы/ өзүн актоо мөөнөтү (ай менен)
Тѳрага: |
Ч. Азимжанов |