Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VII чакырылыштагы депутаттарынын кезектүү XII сессиясы
2024-жылдын 16-сентябры № 12-4
Баетов айыл аймагынын Байгөнчөк айылынын күн чыгыш тарабындагы №4786-контурундагы 1,0 га жер аянтын жайыт жерлер категориясынан кайрак сугат айдоо жерлер категориясына трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин ХII -cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагынын Байгөнчөк айылынын күн чыгыш тарабындагы №4786-контурундагы 1,0 га жер аянтын жайыт жерлер категориясынан кайрак сугат айдоо жерлер категориясына трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл чарба жер, транспорт курулуш архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: |
Ч. Азимжанов |