Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 25-сессиясы
2024-жылдын 12-янвры № 25-1
Алашан айылындагы жаңы конуштун көчөсүнө ардагер мугалим, маркум Разыков Муктардын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Алашан айылындагы жаңы конуштун көчөсүнө ардагер мугалим, маркум Разыков Муктардын ысымын ыйгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алашан айылындагы жаңы конуштун көчөсүнө ардагер мугалим, маркум Разыков Муктардын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси М.Калматовго жана айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Р. Арапов |