КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 25-сессиясы
2024-жылдын 12-янвры № 25-2
Алашан айылынын тургуну К.Абдыкааровага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Алашан айылынын тургуну Абдыкаарова Канипа инсульт ооруусуна кабылып, кымбат дары-дармектерди алууга материалдык жардам берүү максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алашан айылынын тургуну Абдыкаарова Канипанын инсульт ооруусуна кабылып, кымбат дары-дармектерди алууга материалдык жардам берүү максатында жергиликтүү бюджеттин 70111 бөлүмүнүн 28241100 беренесинен 10 000 (он миң) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзам чегинде которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |