КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 25-сессиясы
2024-жылдын 12-январы № 25-4
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевдин 2024-жылдын 11-январындагы №9 сандуу каты тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевдин 2024-жылдын 11-январындагы № 9 сандуу катына негиз, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош,Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2023-жылдын 29-декабрындагы 01-12/326 сандуу, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудитинин жыйынтыгы жөнүндөгү актына негиз, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулунун баяндамасын угуп, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аудиттин жыйынтыгы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин чогулушунда каралып, тийиштүү адистердин жоопкерчилиги талкууланып, мындан ары катачылыктарга жол бербөө жагы эскертилсин.
2.2022-жылда айыл өкмөттүн бюджетине мамлекеттик жер фондусун ижарага берүүдөн өндүрүлбөй калган 432,2 мин сом акча каражатын өндүрүү жагы айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине жана жер маселелери боюнча адиси М.Калматовго милдеттендирилсин.
3.Утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куроо иштерине сарпталган бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жана туура өздөштүрүлүшүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган 17,4 миң сомдук кошуп жазуулар «Каранай айылындагы ички жолду асфальттоо» обьектиси боюнча «Нур-Жол-Строй» ЖЧКсынан калыбына келтирилсин.
4.Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы камсыз кылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |