Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 25-сессиясы

 

2024-жылдын 12-январы № 25-5

2024-жылга карата айыл өкмөтүнүн жарандарынын тамарка салыгына жеңилдиктерди берүү жана коэфициенттерди белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинин 1,2,3-бөлүмчөлөрүнө ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында 2024-жылга карата айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына 1,2 коэфициенти бекитилсин.

2. 1,2,3- топтогу мүлк салыгы 1,0 коэфициенти менен эсептелинсин.

3. Тамарка салыгынан 1607 (бир миң алты жүз жети) кожолука жеңилдик берилсин (пенсионерлер, көп балалуулар, ВОВ катышуучулары, ДРА, Баткен, ЧАЭС, майыптар).

4. Жеңилдик алган жарандардын тамарка аянты 0,15 га ашса, ашыкча аянты үчүн тамарка салыгын төлөө жагы милдеттендирилсин.

5. 2024-жылга карата айыл аймагы боюнча кожолука таштанды салыгы 100 (бир жүз) сом жана ишкерлерге ар бир ишчи башына 100 ( бир жүз) сом болуп бекитилсин.

6. 2024-жылга инфляция коэфициенти 1,147 болуп белгиленсин.

7. Жогорудагы салыктардын план боюнча мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге, ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке жана айыл өкмөтүнүн салыкчы адистерине милдеттендирилсин.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депуттардын Көк-Жар айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Р. Арапов