Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы

 

2024-жылдын 16-февралы № 26-5

Каранай айылындагы жаңы конуштун көчөсүнө Назаров Абжалилдин ысымын ыйгаруу жөнүндө

           Каранай айылындагы жаңы конуштун көчөсүнө Назаров Абжалилдин ысымын ыйгаруу  максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча   туруктуу комиссиясынын   корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Каранай айылындагы жаңы конуштун көчөсүнө Назаров Абжалилдин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси М.Калматовго, айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Сарыбаевге жана айыл башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, ишкердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

Р. Арапов