Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы

 

2024-жылдын 16-февралы № 26-23

Көк-Жар айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекеме-

уюмдарында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелер төлөмүн

жогорулатуу жөнүндө

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин 2024-жылдын 12-февралындагы №01-34/60 сандуу катына негиз, Көк-Жар айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекеме-уюмдарында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелер төлөмүн жогорулатуу максатында Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссиясынынкорутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бүткүл Республиканын аймагында болуп жаткан инфляцияга байланыштуу Көк-Жар айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекеме-уюмдарында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелер төлөмү, ата-энелер чогулушунун протоколдоруна негиз,    600 (алты жүз) сомдон 704 (жети жүз төрт) сомго   көтөрүлсүн.

2.Ата-энелер төлөмүн өз убагында толтуруу жагы тиешелүү мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине милдеттендирилсин.

3.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Р. Арапов