КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
2024-жылдын 16-февралы № 26-24
Көк-Жар айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекеме-
уюмдарында тарбияланып жаткан ар бир балага бир күндүк тамактануусу
үчүн акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук
берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин 2024-жылдын 12-февралындагы №01-34/59 сандуу катына негиз, Көк-Жар айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекеме-уюмдарында тарбияланып жаткан ар бир балага бир күндүк тамактануусу үчүн акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү максатында Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекеме-уюмдарында тарбияланып жаткан 685 балага бир күндүк тамактануусу үчүн 18 сомдон 3057,4 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р. Арапов |