КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы
2024-жылдын 16-февралы № 26-27
«Он Эки Бел» айылдык кеңеши мекемеси, «Найман» айылдык кеңеши мекемеси жана «Көк-Жар» айылдык кеңеши мекемелерин кошуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178-токтому менен бекитилген юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел” айылдык кеңеши мекемеси, «Найман» айылдык кеңеши мекемеси жана «Көк-Жар» айылдык кеңеши мекемелерин бириктирүү жолу менен «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы айылдык кеңештин төрагасына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө аламын.
Төрага: | Р. Арапов |