Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ КОРГОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 10-январы № 1
Коррупциялык тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби жөнүндө Жобого,Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кыламын:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык тобокелдиктери бар болгон учурлардын жана кырдаалдардын Тизмесинин негизинде орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана ишмердүүлүгү жогорудагы тизмеге байланыштуу болгон кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча туруктуу негизде иштерди жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2023-жылдын 28-июлундагы № 37-П “Коррупциялык тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары А.Б. Касымбековго жүктөлсүн.
Директор | А.Ж. Усенов |